7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт: Дары-дармектин баасы калк үчүн жеткиликтүү болушу керек

473

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калкка дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды жана аларга бааларды жөнгө салуунун тийиштүү механизмин сунушташы керек», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов дары-дармектерге бааларды жөнгө салуу маселелерин талкуулаган жумушчу жыйындын жүрүшүндө.

 Ал дары-дармектерге бааларды мамлекет тарабынан жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коронавирустук инфекциянын пандемиясы учурунда дары-дармектерге болгон баа мурдагыдан да курч болуп турат.  Жай мезгилинде дары-дармектердин баалары кескин жана негизсиз көтөрүлүп кеткендигине бардыгыбыз күбө болдук.  Бүгүнкү күндө дары-дармектердин айрым түрлөрүнө баалардын өсүшү дагы байкалууда.   Биз калкка, айрыкча, социалдык жактан аярлуу категориядагы жарандар үчүн дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды камсыз кылышыбыз керек.  Өтө маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген жана КНСтен бошотулган дары-дармектерди өзгөчө белгилеп кетким келет.  Салыктык жеңилдиктерге карабастан, айрым дары-дармектердин наркы өндүрүш ишканаларынын сатуу бааларына салыштырмалуу бир нече эсе көтөрүлүп кетти.   Бул жагдай бизге түп-тамырынан ылайык келбейт, ошондуктан тизмени концептуалдык түрдө карап чыгуу, ошондой эле баа саясатын талдоо керек”, — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде дары-дармектердин бааларын көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле дарылардын баалар саясаты боюнча дарыкана тармактарынын өкүлдөрү менен иштөөнү тапшырды.

Өкмөт башчысы ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин санариптештирүү процесстерин дары-дармек менен камсыздоо жаатында активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мен дары-дармектерге болгон бааларды жеке көзөмөлүмдө калтырам» — деп жыйынтыктады ал.

474