7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө досун бычып салган эркектин аялы үн катты

597

Өзгөндө досун бычып салган эркектин аялы үн катты. 

Бул окуя тууралуу Ош ОИИБ менен байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирген.

«13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну, өзү жашаган үйүнө ошол эле айылдын тургунун чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишкен. Натыйжада жаранга бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгон. Окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөрү жетип келип, биринчи медициналык тез жардамын көрсөтүшкөн»,- деп берилет маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө уланууда.

598