7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Акылбек Жапаров Көлбаев менен же ОПГ менен байланышта болсо, жоопко тартканга даярмын

157

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаров Көлбаев менен же ОПГ менен байланышта болсо, жоопко тартканга даяр экенин айтты.

«Акылбек Түмөнбаев Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатууга барса ал эмнеге жазаланбайт? Көлбаев менен да сүйлөшүү болгон. Раим Матраимов менен да сүйлөшүү болгон. 3 жыл алдын бийликке келгенде айтканбыз. «Коомго зыяныңарды тийгизбегиле. Мыйзамды бузбагыла»,-дегенбиз. Макул болгон. Акыркы 1 жылда күчөп кетишти. Тоноп, коркута башташты. Бажыга зыян тийгизе башташты. Эскертсек болбосо, эмне кылышыбыз керек? Мен ушул жерде турганда, мен тирүү турганда мамлекетке каршы иш болбойт. Жол бермейм. Акылбек Жапаров ал тойго 5 жыл мурун барган экен. Көлбаев менен мен да тааныш болгом, мен да ага жолуккам. Бирок 3 жылдан бери биз менен иштеп жатат. Анын кылмыштуу топ менен байланышы болсо, ал кишини жоопко тартууга даярмын», — деди ал.

 

158