7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан күйүүчү майды экспорттоого убактылуу тыюу салды

572

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына Кыргыз Республикасынан мунай экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим ички рынокто мунайга болгон бааны турукташтыруу максатында кабыл алынган.

«Чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 46 жана 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, чечим кабыл алынган. Бул чечим кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет», — деп айтылат маалыматта.

573