7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

423

Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сз кызматты билдирди.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөтүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары,мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана аскер кызматкерлери катышты.

«Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка ,ар намыстуулукка үндөп кетем. Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде желбиресин! Спорт чеберлерибиз, маданият кызматкерлерибиз, дегеле бүтүндөй кыргыз жарандарыбыз башын бийик көтөрүп жеңиштерде желбиретишсин! Ылайым биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын!”,— деди Сарыбашов.
Иш-чаранын жүрүшүндө, жоокерлер шаардын борбордук аянтына Мамлекеттик туусун көтөрүштү. Ошондой эле, Ош ШИИБинин жана Ош гарнизонунун кызматкерлеринин жүрүшү уюштурулду. Белгилей кетсек, мамлекеттик туу легендарлуу парламент эки ай талкуулап, 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 29 жыл толду.

 

424