Бүгүн, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө жана Таласта +9…+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл жана Нарында +5…+10 градус болот.
Ал эми, Бишкекте +12…+14 жана Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.