7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Архивдик документтерди айрып салгандарга чара көрүү сунушталууда

566

Бүгүн, 3-марттагы Жогорку Кеңештин  жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  (КРнын Жазык-процесстик  кодексине, КРнын бузуулар  жөнүндө  кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы  Наталья Никитенконун айтымында, мыйзам долбоору ведомстволук жана мамлекеттик архивге кабыл алынган  архивдик документтерди  мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы үчүн  сакталышын жана көп жолу пайдаланылышын камсыздоо максатында иштелип чыккан.

«Архивдик документтерди каттоонун, сакталышын, алардын пайдаланылышын  камсыздоонун эрежелерин бузгандыгы, ошондой эле  архивдик документтерди  айрып, же  мыйзамсыз жок кылгандыгы үчүн  айып салуу сунушталуда”, — деди депутат.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

567