Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Акыл Кемелов ант берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
Акыл Кемелов «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмеси боюнча Максат Сабировдун ордуна депутат болуп келди. 24-февралда өткөн парламенттин жыйынында Максат Сабиров мандатын тапшырарын айткан.
37 жаштагы Акыл Кемелов спорт чебери. Ал 2016-жылдан бери «Кулатуу эр таймаш» федерациясынын Ысык-Көл облусу боюнча президенти кызматын аркалап келген.