7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

594

Ысык-Көлдө никеге туруу максатында кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

23-ноябрь күнү Бостери аймактык милиция бөлүмчөсүнө Ысык-Көл районунун 2003-жылы туулган И.З. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында ошол эле күнү саат болжол менен 15:00 чамасында Корумду айыл аймагында белгисиз үч адам «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен анын эркине каршы күч колдонуп, никеге туруу максатында ошол эле айылга ала качып кеткендигин билдирип, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталган.

Корумду айылынын 1981-жылы туулган Э.Э., 1980-жылы туулган Б.М. жана 1998-жылы туулган Д. Б. кармалып, милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген. Алдын ала суракта кармалган шектүүлөр өз күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Аталган факты «Никеге туруу максатында адам уурдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөргө карата Ысык-Көл райондук сотун тарабынан 1-ай камака алуу башка коргоо чарасы кабыл алынган.

Тергөө амалдары уланууда.

595