Интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын бүтүндөй тармагы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрынан 26-ноябрына караган түнү Бишкек шаарынын бир катар даректеринде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды.
Аталган сойкуканалардын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 жеңил ойлуу кыздар, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган.
Сойкуканаларда администраторлор иштеп, алар иштеген убактынын жана кардарлардын эсебин алып турганы аныкталды. Ал эми тинтүү учурунда бул мекемелердин ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган.
“Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо” беренеси боюнча каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.
УКМК кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт.