7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таэквондочулар эл аралык турнирде 10 медаль тагынышты

406

Бишкектик таэквондочулар эл аралык турнирде 10 медалга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кожомкул атындагы спорт сарайында олимпиадалык таэквондо боюнча «BISHKEK OPEN 2023» эл аралык ачык чемпионаты болуп өткөн. Аталган мелдешке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Монголиянын спортчулары катышкан.

“Мелдештин жыйынтыгында Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары 10 медалга ээ болушту. Раиль Кутанов, Даяна Кудайбергенова жана Азал Бабаева, Богдан Пягай алтын медаль утуп алышты. Күмүш медалды Сахиба Софиева жеңип алды. Ал эми Даниел Шаршеев, Диана Ахметова, Айлин Карагулова жана Анжелика Жунусова коло медалдын ээлери болушту” – деп айтылат маалыматта.

407