7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Директор кызматына тестирлөөдөн 9 талапкер өттү

510

28-ноябрда Бишкек шаарында башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөөдөн 9 адам өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тестирлөө 3 нөөмөттө өтүп, ага жалпысынан 153 талапкер катышкан.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:

  • Элеонера Ишеекева – Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Максат Төлөбаев – Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Тургунбек Токтосунов – Ысык-Ата районундагы №1 кесиптик окуу жайдын директорлугуна талапкер;
  • Алмагүл Исраилова жана Анаркүл Серекова – Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Болот Иманалиев жана Венера Топонова – Бишкек агроэкономика колледжинин директорлугуна талапкерлер;
  • Сайрагүл Акмолдоева жана Алмаз Азаматов – Каракол педагогикалык колледжинин директорлугуна талапкерлер.

Белгилей кетсек, тестирлөө Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 Токтомунун негизинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылат.

 

511