7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол: Кыргызстан менен Түркмөнстан беттешет

685

Бүгүн, 30-ноябрда кыргызстандык «Абдыш-Ата» футбол клубу түркмөнстандык «Алтын-Асыр» клубу менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.

Оюн 2023-2024 АФК кубогунун тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында өтөт. Беттеш Түркмөнстандын борборундагы «Ашхабад» стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.

Белгилей кетсек, 4-турдан кийин «Абдыш-Ата» 10 упай менен «Е» тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында турса, 7 упай менен 2-орунду «Алтын-Асыр» ээлейт. «Мерв» (Түркмөнстан) жана «Равшан» (Тажикстан) командалары 2 упай менен 3-4 орундарда турат.

686