Чет элдик жарандарга сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким жана ири ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Экс-акимдин үйүнүн бирине жана ири ишкер «Б.К.А.» (Ак Суу базарынын ээси) аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган жаран уюшкан топтун курамында бул кылмыштуу ишке катышып, тактап айтканда, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берген. Ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу колдонгондугу аныкталды.
30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекстери жүргүзүлүүдө.