Бишкекте Honda Fit үлгүсүндөгү унааны токтоп турган жеринен айдап качып, сатып жиберген эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
27-ноябрда жаран милицияга кайрылып, Патрис-Лумумба көчөсүндөгү техникалык тейлөө станцияларынын биринин жанында токтоп турган 500 миң сом турган Honda Fit үлгүсүндөгү унааны ээлеп алган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.
Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, 2006 жана 2007-жылы туулган өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Уурдалган автоунаа Жалал-Абад облусунда 40 миң сомго сатылган. Учурда автокөлүктү сатып алган адам изделип жатат.