7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматынын мобилдик тиркемеси ишке кирди

449

Salyk.kg мобилдик тиркемеси ишке киргенин мамлекеттик салык кызматы билдирди.

“Бул «Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин» мобилдик версиясы болуп саналат. Мобилдик тиркеме ишкерлердин салык органдары менен кызматташуу процессин жөнөкөйлөтүү максатында ишке киргизилген. Salyk.kg тиркемесин Google Play аркылуу жүктөп алууга болот. Ал эми App Store версиясы жакынкы убакта жеткиликтүү болот” – деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алат.

  • салык төлөөнү;
  • электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;
  • электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;
  • карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;
  • салык отчётторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;
  • салык органдарынан маалым кат алууга суроо-талап жиберүүнү;
  • катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну жүргүзө алышат.
450