8-9-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтөт.
Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, мелдешке 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнөт.
Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.
Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлөт.
Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин пдминистрациясы тарабынан уюштурулат.