7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

17 миң доллар жасалма акчаны сатып жаткан жаран кармалды

722

17 миң доллар жасалма акчаны сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында белгисиз адам жасалма АКШ долларын сатуу менен алектенет деген ыкчам маалымат алышкан. Топтолгон материалдар КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Кылмышкерлер жасалма 1000 АКШ долларын накта 350 АКШ долларына алмаштырууга аракет кылышкан. Сатып алуучу катары ыкчам кызматкерлер өздөрү барышкан.
2021-жылдын 1-мартында болжол менен 21:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунда жасалма 17500 АКШ долларын накта 5000 АКШ долларына сатып алмаштырууга аракет кылган учурунда ушул эле облустун жашоочусу 1986-жылы туулган А.А. кармалды. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жасалма акча каражаттарын даярдоонун сапаты менен деңгээли өтө жогору жана болжолдуу маалымат боюнча жакынкы мамлекеттердин биринен алынып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүруп жатат.

723