Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына Аксы районунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде мамлекеттик жана жеке инвестициялардын эсебинен 78 объект пайдаланууга берилгени маалымдалды.



