7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: 8 млн сомго чейин салык албай жатабыз. КМШ боюнча эң аз салык бизде

438

Министрлер кабинетинин төрөгасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун эли менен жолугуп, өлкөдө жүрүп жаткан реформалар туурасында маалымат берди. 

Ал Президент Садыр Жапаровдун башчылыгы алдында жасалып жаткан алгылыктуу иштерге токтолуп, коррупция,  салык жана бажы кызматында жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

“Азыр бажыдан көп киреше алып жатабыз, 2017-жылдарга чейин караңыздар жылына 34 млрд сом чогултушкан. Азыр бир бир айда 20 млрд сомдон ашык киреше таап жатабыз. Быйыл жылына 111 млрд сом чогултуп жатабыз, айырмасы чоң. Эл деле сурайт да, буга чейин бул акчалар кайда кеткен, кимдин чөнтөгүнө түшүп жүргөн деп?!”,-деди ал.

439