Министрлер кабинетинин төрөгасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун эли менен жолугуп, өлкөдө жүрүп жаткан реформалар туурасында маалымат берди.
Ал Президент Садыр Жапаровдун башчылыгы алдында жасалып жаткан алгылыктуу иштерге токтолуп, коррупция, салык жана бажы кызматында жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
“Азыр бажыдан көп киреше алып жатабыз, 2017-жылдарга чейин караңыздар жылына 34 млрд сом чогултушкан. Азыр бир бир айда 20 млрд сомдон ашык киреше таап жатабыз. Быйыл жылына 111 млрд сом чогултуп жатабыз, айырмасы чоң. Эл деле сурайт да, буга чейин бул акчалар кайда кеткен, кимдин чөнтөгүнө түшүп жүргөн деп?!”,-деди ал.