7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Аю” каймана аты менен таанылган жаран кылмыштуу чөйрөдөн баш тартты

548

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Аю” каймана аты бар жаранга карата алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, У.Токтосуновдун (кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Д.А.Дга карата профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ал кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тарткан. Ошону менен бирге ал мындан ары мыйзамдарды сактоого жана жакшы жаран катары жашоого милдеттендирээрин ишендирди.

Ошону менен бирге, УКМК жарандарды Кыргызстандын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө ишеним телефонуна 0312 66 04 75 билдирүүгө чакырат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

 

549