7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коноевдердин атасын өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

574

Чолпон-Атада кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар бир туугандардын атасын өлтүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2008-жылдын 4-апрелинде Чолпон-Ата шаарында кочкул түстөгү унаа менен жүргөн белгисиз адамдар “Toyota Land Cruiser Prado” үлгүсүндөгү унааны автомат менен аткылап кетишкен. Бул кылмыш иши прокуратуранын имаратынын жанында жасалган. Атылган унаанын рулунда 1955-жылы туулган Коноев Кубанычбек болгон. Ал башынан жана көкүрөгүнөн көптөгөн жаракаттарды алып, ошол жерден каза болгон, унаасы мамыга урунган.

Окуя болгон жерди текшерүү учурунда унаанын сол эшигинде аткыланган октордун көптөгөн тешиктери табылган. Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын аймагынан шектүүлөр таштап кеткен “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаа табылып, аны кароо учурунда автоматтын гильзалары, номуру өчүрүлгөн “Калашников” автоматы табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адам өлтүрүү) (эски кодекс) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары криманалдык төбөлдү өлтүрүүгө шектелгендер кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок бул так маалымат эмес. Коноев Кубанычбек уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү, Нурлан менен Мирлан Коноевдердин атасы. Экөө тең 2006-жылдын августунда жана 2007-жылдын апрелинде ушундай жол менен өлтүрүлгөн. Мирлан Коноевди өлтүргөн адам 2007-жылдын 19-апрелинде Жогорку соттун имаратынын алдында кылмыш сууй электе кармалган.

ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 15 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1983-жылы туулган К. А. жана криминалдык төбөлдүн тууганы 1969-жылкы жаран кармалды.

Кармалган жарандарга карата камакка алуу чарасы тандалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

575