7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кыргызстан АКШ менен мамилени чыңдоого кызыкдар

474

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы активдешкенин, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарларды жана Борбордук Азия-АКШ саммитин белгилешти.

«Акылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар келерки жылы экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндө бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Лесли Вигери эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Ал мамлекет башчыларынын Борбордук Азия-АКШ саммитинин алкагындагы жолугушуусун жогору баалап, бул кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого жана илгерилетүүгө түрткү болот деген ишенимин билдирди» — деп айтылат маалыматта.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, жашыл энергетика жана климаттын күн тартиби жаатындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

475