Бүгүн, күндүз айрым жерлерде туман түшүп, кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 0…-5, Таласта -3…+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көлдө -4…+1 жана Нарында -6…-11 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте 0…-2 жана Ош шаарында +3…+5 градусту көрсөтөт.