7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борборуна айланат

20

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Манас шаарына өлкөнүн экинчи экономикалык борбору катары өзгөчө макам берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Манас шаары өлкөнүн түштүгүндөгү негизги транспорттук-логистикалык хабга жана ишкердик борборго айланууга тийиш.

Президент аймактардын өнүгүү деңгээлин теңдештирүү, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү жана жаңы административдик-аймактык бирдиктердин ресурстук базасын кеңейтүү иштерин улантуу зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, аймактарда инвестиция салуу жана бизнес жүргүзүү шарттары канчалык татаал болсо, мамлекеттик колдоо ошончолук күчтүү болушу керек. Ошол эле учурда колдоо конкреттүү экономикалык натыйжа берүүгө тийиш.

Ошондой эле калктуу конуштарды пландаштырууда жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, сугат жерлерди сактоо жана турак жайларды транспорттук, коммуналдык жана социалдык инфратүзүм менен камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулат.

Президент аймактарды өнүктүрүү өлкөнүн жалпы экономикалык өсүшүнүн маанилүү шарты экенин белгиледи.

21