Кыргызстанда жогорку билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында «Студенттик насыя» аттуу узак мөөнөттүү механизмди ишке киргизүү пландалууда.
Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы билимдүү калк өлкөнүн бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизги ресурсу бойдон каларын белгиледи.
Анын айтымында, билим берүү системасы экономиканын келечектеги талаптарына ылайыкташтырылып, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык жана инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат.
Ошондой эле дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен кош диплом программаларын өнүктүрүү жана Кыргызстанда белгилүү эл аралык университеттердин филиалдарын ачуу үчүн шарттарды түзүү каралууда.
Кесиптик билим берүү программалары эмгек рыногунун реалдуу керектөөлөрүнө ылайыкташтырылып, иш берүүчүлөр жана тармактык ассоциациялар менен биргеликте иштелип чыгат.
Президент квалификациялуу академиялык адистерди өлкөгө тартууга, илимий изилдөөлөрдү каржылоого жана алардын иштөөсү үчүн шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.
«Студенттик насыя» механизми билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат. Аны ишке киргизүүнүн конкреттүү шарттары кеңешмеде көрсөтүлгөн эмес.



