️Мэрия Бишкектеги жол кыймылынын бир тараптуу жана эки тараптуу кыймылына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Алдыңкы үч аптада борбордук 8 көчө бир тараптуу болот. Алар:
▪️Турусбеков көчөсүнүн Москвадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүктү көздөй)
▪️Үмөталиев көчөсүнүн Жибек Жолунан Москва көчөсүнө чейин бөлүгү (түндүктөн түштүктү көздөй)
▪️Калык Акиевдин Москвадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүктү көздөй)
▪️Тыныстанов көчөсүнүн Фрунзеден Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүктү карай)
▪️Раззаковдун Киевден Москвага чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүктү карай)
▪️Орозбеков көчөсүнүн Москвадан Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүктү көздөй)
▪️Гоголь көчөсүнүн Жумабектен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүктү карай)
▪️Сүйүмбаев көчөсүнүн Москвадан Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүктү көздөй)
Эскерте кетсек, жогоруда аталган көчөлөрдө жол кыймылынын тартибине өзгөртүүлөрдү 2024-жылдын 8-январына чейин киргизүү пландалууда.