7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда TikTok тиркемеси жабылабы?

811

Өлкөдө TikTok тиркемеси азырынча жабылбайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев билдирди.

Ал Кыргызстандын аймагында аталган тиркемени жабуу өтүнүчү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин дарегине ушул жылдын августунда түшкөндүгүн эске салды. Мындай чара балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган.

«TikTok тиркемесин жабуу үчүн соттун чечими керек. Азырынча сот органынын тиешелүү чечими жок. Акыркы маалыматтарга караганда, учурда мобилдик тиркемени иштеп чыгуучулар менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда маселени тынчтык жолу менен чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.

Токторбаев учурда тиркеме штаттык режимде иштеп жаткандыгын айтты.

812