7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Отличниктерди акысыз ташыган айдоочу (ФОТО)

1019

Абдилашим аттуу айдоочу бешке окуган окуучуларды автобус менен мектепке акысыз жеткирип келет.

«Атын Абдилашим деп тааныштырган айдоочу аганын автобусуна түшөөрүм менен, ичиндеги жаңы жылдык жасалгалары дароо көзгө жылуу көрүнүп, жакшы сезимдерди тартуулады. Анан эле окуучулар күндөлүгүн көрсөтүп, автобустун төрүнө өтүп жатышты. Көрсө ар күн сайын (эки же үч сабактан болсо да) беш деген баа алган окуучуларды акысыз алып кетет экен. Айдоочу бул аракетим балдардын кызыгуусун арттырып, мен автобус айдаган кварталдагы балдар арасында беш алууга умтулган, атаандашып жакшы окуган балдар көбөйүп жатат дейт. Коомго пайда келтирүүнүн жолун тапкан айдоочуга ыраазы болдум»,— деп соц.тармактын колдонуучусу жазып, сүрөттөр менен бөлүшкөн.

1020