7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммити 2027-жылдын октябрында өтөт

3

2027-жылдын октябрында Бишкек шаарында «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландалууда.

Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысы саммитке өзгөчө маани берип, аны Кыргызстандын эл аралык позициясын бекемдөө, өнөктөштөрдү бириктирүү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелерин илгерилетүү үчүн ири эл аралык аянтча катары пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Саммиттин алкагында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, суу ресурстарын коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерге көңүл бурулат.

Президент Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги 2027–2028-жылдарга карата убактылуу мүчөлүгү менен саммитти өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн өз ара байланыштырып, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн чыңдоого пайдалануу керектигин айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан диалогду, ишенимди жана көп тараптуу кызматташтыкты жактаган өлкө катары өз позициясын бекемдөөгө тийиш экенин белгиледи.

4