7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма арак даярдаган кылмыштуу топ кармалды

593

Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келген спирттен жасалма арактарды даярдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Шектүүлөр жасалма спирт ичимдиктерин жасоо менен алектенген сактоочу жайды ижарага алышкан. Жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда аткезчилик жол менен даярдалган 1783 даана беш литрлик бөтөлкөдөгү спирт (8 тонна 895 литр), арак жасоочу 2 станок, ичинде жасалма арак куюлган 100 граммдык стакандар салынган 50 куту, жана 2 миң акциздик маркалар жана дары-дармектер табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү катары беш жаран кармалды. Алардын баары Чүй облусунун тургундары болушат. Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу Лейлек районунун тургуну дагы кармалды.

Соттун чечими менен шектүүлөр Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын кармоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүп жатат.

 

594