Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, «Токмок шаарын кароочусу» деп аталган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жаран бир нече жолу соттолгон, ал жеке ишкерден 5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча кармалган.
“Ал физикалык басым жасоо жана ден-соолугуна зыян келтирүү коркунучу аркылуу унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде акча талап кылып алып турганы аныкталды. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал 1 миң АКШ долларын талап кылып алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди” – деп айтылат маалыматта.
Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.