7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дүйнө алдыга умтулуп жатса, жетекчилерибиз самолёт менен учуп иштебей, төө минип кыдырсынбы?»

508

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жетекчилердин учкан самолётун аңдып, кынтык издегендерге жооп берди.

«Жетекчилер иш сапары менен чыкканда, алардын учкан самолетун аңдыган бир журналист бар. Алгач анын иликтөөлөрү окурмандарына бир аз кызыгуу жаратчу, азыр эч ким деле көңүл бурбай калды. Бирок ага карабай эле манипуляция кылуу менен убара болуп жүрөт. Ал аңдыгычты кыйнабай эле айтып берип коеюн. Эл аралык “Манас” аэропортунун кирешелеринин эсебинен мамлекет 9 орундуу “Beechcraft king air 360” учагын сатып алган. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү аймактарга ыкчам учуп жетип, жумуштун натыйжалуулугун тездетүү максатында пайдаланып баштады. Мисалы, кечээ МинКаб төрагасы – президенттин Администрация башчысы Акылбек Жапаров Жалал-Абадга учуп барып келди. Бир күндө ал кандай жумуштарды аткарууга жетишти санап берейин.

— 25-декабрь, эрте мененки саат 09:00дө учуп, 45 минуттан кийин Жалал-Абад шаарында болду. Дароо эле №10 түзөтүү мекемесинин имаратын бузуп, ордуна облустук администрациянын жаңы имаратын куруу иштери менен таанышты.

— 10:30. Сузак районундагы № 53 тергөө изоляторунун жаңы имаратынын ачылышына катышты.

— Саат 11:00 убактысында, Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан курулуп жаткан 630 батирден турган көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

— Саат 11:30. Жалал-Абад шаарындагы №1 Бабкин атындагы орто мектептин кошумча курулуп бүткөн 3 кабаттан турган 375 орундуу жаңы корпусун колдонууга тапшырды.

— 13:00. Барпы айылында курулган 275 орундуу эки кабаттуу мектептин ачылыш аземине катышып, эмгек жамаатын куттуктады.

— 13:40. Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан мунайды кайра иштетүү ишканасынын абалы менен таанышууга барды.

— Саат 14:30да Бишкекке учуу үчүн Жалал-Абад аэропортуна келди.

— Жумуш убактысы бүтө электе кайра Бишкекке учуп келип, саат 17:00дө Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри Илхом Махкамовду кабыл алып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан биргелешип курган темир жолдун долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөштү.

— 18:20да, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевди жамаатка тааныштырды.

— Андан соң Акылбек Жапаров өзүнүн иш бөлмөсүндө документтер менен иштеди.

Процесстер тез өнүгүп, бүткүл дүйнө алдыга карап умтулуп жатса, жетекчилерибиз самолет менен учуп иштебей, төө минип алып кыдырсынбы деген суроо койгум келет? Ушундай ыкчам иштердин жыйынтыгы менен, мамлекетте өсүү темпи жогорулады. Жапаровдун командасы бийликке келгенде Кыргызстандын бюджети 248 миллиард сомдун тегереги болчу, 2023-жылдын жыйынтыгы менен консолидацияланган бюджет 570 миллиардга жетип отурат. ӨКМге, кыргыз армиясына, саламаттык сактоого, айыл-чарбасына, жол курууга, жүргүнчүлөргө, өндүрүшкө ж.б тармактарга миңдеген техникалар алынды. Баткенде эле 420 турак үйү, мамкурулуш аркылуу 200дөн ашык соцобьектер бүттү, УКМКнын райондогу имараттары бүт жаңыланды, ротация болгон райондогу жетекчилерге кызматтык үйлөр салынды, парктар, жолдор, эс алуучу жайлар, таза суу ж.б курулуштар аяктап жатат. Убагында жылына бириндеген курулуштар берилсе, азыр күнүнө бирден курулуштар салынып пайдаланууга берилүүдө. Бул жомок эмес, реалдуу иштер!

Муну эмнеге айтып жатам? Президент Садыр Жапаров жана анын командасы ыкчам иштейт, тыным алышпайт. Ага жараша шарттар дагы түзүлгөн. Аймактарга учуп барып, жумуштарды ыкчам чечүү максатына пайдаланган самолет жана вертолеттор алынган, дагы алынат. Кийинки жылы ички каттамдар үчүн элге 4 самолет коюлуп, облустардагы аба каттамдары жанданат. Айрым, “досторубуз” аңдып “булар самолет менен учуп жатат”-деп кынтык издегени орунсуз»,- деди ал.

 

 

509