7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жылда коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция көзөмөлдөйт

407

Бүгүн, 26-декабрь күнү Бишкек шаарынын эски аянтында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Гарнизондук кароодо, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти. Өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эң алгач өздүк курамга кайрылып, кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жыл менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана жеке өзүнүн атынан чын жүрөгүнөн куттуктап, кызматкерлерге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалап кетти.

Андан соң, Акылбек Жапаров өз сөзүндө, бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн максаты – Жаңы жылды тосууда жана эс алуу күндөрүндө коомдук тартипти сактап, жол эрежелерин камсыздап, жалпы журтубузга коопсуздукту камсыз кылуу экендигин белгилеп кетти.

“Ар бир милиция бөлүмдөрүнө атайын камералар орнотулуп, катардагы кызматкерлер боди-камералары менен камсыз болушту. Ар бир жарандын коопсуздугун жакшыртуу үчүн санариптик технологиялар киргизилди. Акыркы 2 жылда 300дөн ашык автотранспорт сатып алынып, ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү унаалар жаңыланды. Бүгүнкү күндө 36 жаңы унаа Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди, жакынкы аралыкта дагы 50 жаңы унаа келет», — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады.Республиканын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 2023-жылдын 30-декабрынан 2024-жылдын 2-январына чейин кызматтын күчөтүлгөн тартипке кызматын өтөшөт. Жаңы жылдык майрам күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту 10 миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт.

408