Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
26-декабрда Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын аймагындагы интимдик жайларды аныктоо максатында ыкчам чаралар көрүлгөн. Натыйжада, фото жана видео жазуусу менен (Токмок ш., Верхне-Луговая көч. 251 үйүндө) интимдик кызмат көрсөтүүчү жай аныкталган.
Жыйынтыгында сойкукананын ээси жана интимдик кызмат көрсөткөн жарандар Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.