7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Аскер Курулуш” ишканасынын директору коррупцияга шектелип камалды

401

“Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын директору коррупцияга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Коргоо министрилигинин жана “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп, Нарын облусунун Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин наркын жогорулатып көрсөтүшкөн. Натыйжада мамлекетке 3 млн 362 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Чогултулган далилдердин негизинде, 26-декабрда шектүү катары “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын директору, аталган ишкананын куруучусу жана башкы энергетиги камакка алынышты.

Ошондой эле, Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринин жетекчилиги өндүрүш ишканасынын кызматкерлери менен сүйлөшүп, аскер бөлүктүн 12 анык мөөнөттүү аскер кызматкерин 45 күн мыйзамсыз томат заводунда иштетишип, 760 миң сом акча каражатын алышкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Адамдарды соодалоо”) менен кылмыш иши козголуп, аскер бөлүктүн командири, ыкчам бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы жана жеке ишканасынын коопсуздук иштери боюнча жетекчиси камакка алынышкан.

Учурда аталган кылмыш ишитери боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдары такталууда.

402