7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылды

501

28-декабрда Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги кароосуз калган сквер реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эс алуу багына 2022-жылда Баткендеги каргашалуу окуяда баатырларча курман болгон Нурислам Карыбековдун ысымы ыйгарылды. Жаңы эс алуу багынын аянты 80 сотыхты түзөт.

Ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар, ысымы ыйгарылган Н.Карыбековдун жакындары, шаар тургундары катышты.

Калаа мэринин жана шаардык кеңештин төрагасынын белгилөөсүндө, бул эс алуу жайына эл-жери, мекени үчүн жанын берген жаш жоокердин эрдигин, ысымын түбөлүккө өчүрбөө, жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында анын ысымы ыйгарылган. Учурдан пайдаланып, Нурисламдай уулду тарбиялап өстүргөн ата-энесине, жакындарына терең ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, Карыбеков Нурислам Токтонбекович 2003-жылы Сузак районунун Багыш айыл аймагында төрөлгөн. Ал 2021-жылы өз каалоосу менен Баткен облусунун Бужум айылындагы 2051 аскер бөлүгүндөгү «Бөрү» отрядында кызмат өтөп жатып, 2022-жылы Баткендеги чек арадагы жаңжалда мекенин коргоп жатып каза болгон.

 

default
default

default
default
502