7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңишбек Асанкулов: Өкмөт жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга кызыкдар

574

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр Жеңишбек Асанкулов «Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү — 2-фаза» Программасын ишке ашыруунун алкагында Программанын жетекчисинин орун басары Виктор Кесслер менен жолугушту.

Бул Программаны ишке ашыруунун алкагында 2020-жылы республиканын бардык облустарында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларын жергиликтүү бийлик органдарында колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында семинар-тренингдер өткөрүлгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата китеп-түшүндүрмөнү тапшырылды.

Аталган түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарына жөнөтүлөт.

«Мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, жашоонун бардык тармактарында укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык деңгээлде жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга кызыкдар», — деп жыйынтыктады Жеңишбек Асанкулов.

575