Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн жогорку окуу жайларында “Сенин добушуң – сенин тандооң” аттуу маалыматтык кампанияны баштады.
БШКдан билдиришкендей, 23-ноябрда башталган иш-чаралар студенттердин шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга жана жарандык жоопкерчилигин арттырууга багытталган.
Жолугушууларда жаштарга шайлоого катышуунун мааниси, добуш берүү тартиби, ID-карта жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү.
Кампаниянын биринчи күнүндө 2 миңден ашык студент камтылды. Маалыматтык иш-чаралар 11-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы жогорку окуу жайларда уланат.



