7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн өзү келди

662

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн келди.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 10-январында депутат Эмил Жамгырчиевди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Бирок, 2024-жылдын 9-январында ал депутаттар тарабынан бул чечим кабыл алынганга чейин белгисиз себептер менен тергөө амалдарына катышуудан качып, дайынсыз жоголгон.

Ошол эле учурда, 10-январда өлкө парламентинин жыйынында бул иш боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулоо учурунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Э.Жамгырчиев өз каалоосу менен тергөө органдарына келсе, кармалбай тургандыгын маалымдаган.

Мындан тышкары, 12-январда УКМК Жогорку Кеңештин төрагасына жана «Альянс» парламенттик фракциясынын лидерине депутаттын тергөө амалдарына катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон.

Ошол эле күнү Жамгырчиев УКМКга келип, ал жактоочусунун катышуусунда шектүү катары суракка алынган жана алардын катышуусунда дагы башка тергөө амалдары жүргүзүлүп, коё берилген.

Учурда депутаттын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча тергөө амалдары акыркы баскычта, жакынкы аралыкта белгиленген тартипте аяктап, сот органдарына кароого жиберилет.

663