Zagreb Open биринчи рейтингдик мелдешинде Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.
Алтын үчүн күрөштө кыргыз балбаны америкалык Кайла Киеко Миракл менен кез келет.
Мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.
62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айсулуу Тыныбекова мелдештин 1/16 финалынан тарта катышып, алгач америкалык Адаго Диана Нвачукву менен кез келди. Тыныбекова атаандашын 4:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыкты. Чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргыз спортчусу атаандашы кытайлык Яру Вуну 6:5 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Касабиеваны 7:3 эсебинде артта калтырып, жарым финалга чыкты.
Финал үчүн беттеште Айсулуу япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, акыркы аракети үчүн япониялык балбанды 3:3 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында өткөн Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.