7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында 90го жакын малды кар көчкү басып калды

611

Нарын районуна кар көчкү түшүп, тургундардын мал-жандыктарын басып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«16-январда 17:00 чамасында Нарын районунда Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5000 м3 кар көчкү түшкөн. Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды кар көчкү басып калган. Мындан сырткары кыштоого каттоочу жолу да жабылган»,- деп берилет маалыматта.

Жерине Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл өкмөттүн 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, 1 ГАЗ-66 жана жергиликтүү тургундардан 75 адам тартылган. Жол тазалоо айыл аймагына жүктөлгөн. Жабыркагандар жок.

612