7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

28 жаштагы жаранды издөөгө 200дөн ашуун адам тартылды

754

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулар жана укук коргоо органдарынан жалпы 224 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалматка ылайык, бүгүн таң эрте Аламүдүн капчыгайында издөө-куткаруу иштерин көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барды. Анын жетекчилиги менен куткаруучулар топ-топко бөлүнүп, тоо беттерине, суу жээктерине, коктулардан издөөгө чыгышты.

Учурда жалпы 184 куткаруучу 7 учкучсуз учуучу аппарат (дрон) жана 9 техника менен тартылды. Ошондой эле “Инсараг” издөө-куткаруу тобунун 5 куткаруучусу 4 учкучсуз учуучу аппараты, 1 техникасы менен, ал эми Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер, жалпы 11 учкучсуз учуучу аппарат жана 11 техника тартылып, 224 адам издөөгө чыкты.

Эске салсак, 16-январда Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.у.М. аттуу адам дайынсыз экендигин туугандары билдиришкен.

Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.

 

755