Бүгүн, 23-январда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Талас аймагында +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12, Ысык-Көлдө 0…+5 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градус суук болот.
Борбор калаада күндүн табы +9…+11, Ош шаарында +10…+12 градус жылуу болору күтүлүүдө.