7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

535

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, такталган маалымат боюнча, 23-январь күнү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга (Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк- чыгышта, Каджы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк -чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк -чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк- чыгыш) чейин сезилген.

«Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Өзгөчө кырдаалдар министри , генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жер-жерлерде кызматкерлер тактоо иштери менен катар тиешелүү жумуштарды аткарууда»,- деп билдиришти ӨКМден.

Кошумча маалымат берилет.

536