7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Таза Конок» ишканасынын жетекчиси кармалды

640

«Таза Конок» муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалды. Ал башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Таза Конок» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э., ошондой эле Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Э.Т. тарабынан документтерди жасалмалоо жолу менен алдамчылык фактысы аныкталды.

Такталгандай, муниципалдык ишкананын жетекчиси жасалма документтерди жасап, башка адамдар сүйлөшүп алып, анын атына башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды.

17-январда УКМК тарабынан Т.Э. карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо), 209-беренеси (алдамчылык) жана 212-беренеси (башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында аталган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

641