7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Достук» өткөрмө пунктунан 7 унаа кармалды

739

«Достук» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынан Өзбекстанды көздөй бара жаткан 7 унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, «Достук» АБЖЖнын бейтарап аймагында автоунаалардын айдоочулары тарабынан жасалма мамлекеттик номурлар орнотулуп, автотранспорт каражаттарына жасалма каттоо күбөлүктөрү даярдашып, андан соң алар Өзбекстанга транзиттик унаа катары эмес, буга чейин бажы төлөмдөрүн төлөгөн жана Кыргызстанда катталган унаа катары барууну пландаштырышкан.

Учурда КРнын автотранспорт каражаттарын каттоонун жасалма күбөлүктөрүн жана мамлекеттик номурларын даярдоонун жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

УКМК мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөштү улантууда.

740