7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инсульттун алгачкы белгилери кандай?

882

Инсульт (мээге доо кетүү) — мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу. Анда мээ ткандары жана анын функциясы жабыркайт.

Инсульттун алгачкы белгилери кандай?
Адатта инсульт эртең менен эрте же түн ичинде кармайт. Анын алгачкы белгилери төмөнкүлөр:
• бир капталдын бут, кол, бет булчуңдары капысынан нес болуп же алсыз боло баштайт;
• күтүүсүздөн артикуляциянын начарлашы же сөздү, текстти кабыл алуудагы кыйынчылыктар;
• бир же эки көздүн кескин начарлашы;
• кыймылдарды башкаруунун капыстан бузулушу, ары-бери чайпалып басуу, баш айлануу;
• күтүлбөгөн жерден кескин жана түшүнүксүз баш оору.

Адатта бул көрүнүштөр жогорулаган кан басымдын натыйжасында пайда болот.
Бул татаал эмес иш-аракеттердин жардамы менен мээдеги кан айлануунун катуу бузулуусунун белгилерин убагында байкаса болот:
— адамды жылмай деп көрүңүз —инсульт алуу коркунучу бар адамда беттин асимметриясы байкалат;
— жабыр тарткан адамдан эки колун бирдей алдыга сунуусун сураныңыз – инсульт алуу коркунучу бар адам эки колун бирдей көтөрө албайт;
— жабыр тарткан адамдан эң жөнөкөй сөздөрдү айтуусун талап кылыңыз -инсульт учурунда сүйлөгөнү так эмес болот;
— тилин сунуусун талап кылыныз, ынсульт учурунда тил бир тарапка кыйшайып калат

Алгачкы жардамды туура кантип көрсөтүүгө болот?
Дарыгерлер келгенге чейин оорулууну жаткырып, толук тынчтык жана таза аба менен камсыз кылуу керек. Клиникага түшкөндө дарыгерлер жүрөк жана дем алуусунун иштешин баалап, зарыл болгон кечиктирилгис жардамды көрсөтүшөт. Зарыл болгон учурда, адам дароо нейрореанимациялык бөлүмгө жаткырылат.

Оорунун кандай себептери бар?
Инсульттун себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
— жогору кан басым;
– жүрөктүн тез-тез согушу;
— күрөө тамырларда холестериндин тыгылып калышы,
— кандын гиперкоагуляциясы (кан тамырлардын ичинде тромбдун пайда болуусуна жакын болуу).

883