7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстан аркылуу Өзбекстанга баңгизат ташыган жаран кармалды

522

Жалал-Абад облусунда эл аралык маңзат каналы токтотулганын УКМКдан билдиришти.

Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында эл аралык баңгизат каналынын ишмердүүлүгү боюнча алынган ыкчам маалыматтын алкагында кыргыз жараны кармалды. Кармалган жарандын үйү чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашканын, ал баңгизатын Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга ташуу жана өткөрүү үчүн жүк ташуучу база катары колдонуп келгени аныкталды.

Анын үйүн тинтүүнүн натыйжасында желим баштыкка скотч менен оролгон, афган гашишинин өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 2 кг 166 граммды түзгөн эки баңгизат табылып алынган. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

523